Британияда үч өспүрүм 40 жаштагы кишини өлтүрдү
Улуу Британиянын укук коргоо кызматкерлери Кент округундагы Шеппей аралынын пляжында 40 жаштагы кишини таш бараңга алып өлтүргөн 14, 15 жана 16 жаштагы үч өспүрүмдү кармашты. Бул тууралуу The Sun жазып чыкты.
Окуяга күбө болгондордун айтымында, өспүрүмдөрдүн бири "Мен аны өлтүрдүм" деп кыйкырган. Адамдар кумдун үстүндө канга боёлуп жаткан адамды көрүп, "Тез жардам" келгенге чейин ага биринчи жардам көрсөтүүгө аракет кылышкан.
Окуяга күбө болгондордун бири өспүрүмдөрдүн артынан чуркаган.
"Алар качып жатканда, мен алардын артынан чуркадым. Тепкичтин жанынан таап, жанына барып "Силер жаңы эле киши өлтүрдүңөр!" Өкүнүчтүүсү, мен жетишкенде мындай болмок эмес",- деп кыйкырдым деген күбө.
Ал кишинин сөөгүнүн жанынан көптөгөн таштар табылган. Мындан тышкары, аял көрсөтмө берип жатып, өспүрүмдүн бири маркумдун башына тепкенин көргөнүн айткан.
