super.kg logo

Казакстандын Жезказган шаарында үрөй учурган окуя катталды

 

Казакстандын Жезказган шаарындагы батирлеринин биринен 59 жаштагы аял менен анын 17 жаштагы кызынын денелери зомбулуктун белгилери менен табылды.

Казак басылмалары билдиргендей, маркумдардын денелерин тууганы таап, милицияга кабар берди. Алар узак убакыт бою байланышка чыкпагандыктан үйүнө барып, үрөй учурган окуяга туш болду.

Аялдын денесинен моюн тарабында бир нече бычак сайылган жаракаттар табылды. Анын 17 жаштагы кызы, божомолдуу муунтулуп өлтүрүлгөн. Айрым ЖМКлар кыз Астанадагы эл аралык колледжде экинчи курста окугандыгын билдиришүүдө.

Эки кишинини өлүмү боюнча кылмыш иши козголду. Шектүү кармалды.

"Ал сурак учурунда күнөөсүн мойнуна алды. Азыркы учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда окуянын бардык жагдайларын тактоо үчүн ыкчам-тергөө иштери жүрүп жатат",- деп билдирди Улытау облусунун полиция департаментинин башчысынын орун басары Алмаз Саламатов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: