Бишкекте милиция бөлүмүндө каза болгон 25 жаштагы жарандын иши боюнча прокуратура иш козгоду

Айта кетсек, Бишкек шаарынын Ленин РИИБинин №1 шаардык милиция бөлүмүндө М.А. аттуу жаран каза болгондугу боюнча маалымат тарап, окуя 9-августта катталды.
Маалыматта белгилегендей, Ленин районунун прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 338-беренесинин 2-бөлүмүнүн 4-пунктунда. (бийликтен аша чабуу) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иш козголуп, тергөө аракеттерин жүргүзүү УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгына тапшырылды.
Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тийиштүү тергөө аракеттери прокуратура органынын көзөмөлү астында жүргүзүлүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.