Экзаменден өтпөй калгандар айдоочулук күбөлүгүнөн канча убакытта ажырайт? Жооп
Бүгүн, 13-августта Бишкекте өткөн маалымат жыйынында инспекторлор тарабынан токтотулуп жол кыймылынын эрежелерин билүү боюнча экзаменден өтпөй калган айдоочулар эки айдын ичинде айдоочулук күбөлүгүнөн ажырашы мүмкүн экени айтылды.
Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу транспорт каражаттарын жана айдоочулардын курамын каттоо агенттигинин бөлүм башчысы Адилет Сейталиевдин айтымында, теориялык экзамен тапшыруу тартибин учурда мекемелер аралык комиссия иштеп чыгууда.
"1-сентябрдан тарта жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери айдоочуларды токтотуп, жол кыймылынын эрежелери боюнча билимин текшеришет. Эгер айдоочу экспресс-тесттен өтпөй калса, ал жаран теориялык экзамен тапшырууга жөнөтүлөт. Эгерде ал экзаменден өтпөсө, бул маалымат “Түндүк” тиркемесине чагылдырылат. Теориялык экзаменди тапшыруу үчүн эки ай мөөнөт берилет. Экзаменден өтпөй калганда айдоочуга кайра тапшырууга канча жолу уруксат берилери каралууда. Күн сайынбы же жумасына бир жолу тапшыра алабы деген маселелер талкууланууда",- деди Сейталиев.
Ал бул механизм азырынча сунуш кылынып жатканын, бирок расмий бекитиле элек экенин кошумчалады.
Эске салсак, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча, 1-сентябрдан баштап жол эрежесин бузган айдоочуларды жолдо эле токтотуп, эрежелерди билүү боюнча текшерүү башталат.

