«Элдик Банк» ААК «Скай Мобайл» (Beeline Кыргызстан бренди) компаниясын сатып алуудагы стратегиялык бүтүмдү соңуна чыгарды
“Элдик Банк” ААК Beeline бренди менен кызмат көрсөтүп жаткан “Скай Мобайл” ЖЧК мобилдүү байланыш операторунун 100% үлүшүн ийгиликтүү сатып алды. Бул кадам санарипэкосистемасын өнүктүрүү жана Банктын технологиялык инфраструктурасын бекемдөө ишиндеги тарыхый урунттуу учур болуп калды.
Аталган бүтүм корпоративдик бүтүмдөрдүн (M&A) эл аралык стандарттарына ылайык, анын ичинде, комплекстүү укуктук, техникалык, финансылык жана салык төлөмдөрүн текшерүү (due diligence) менен ишке ашырылган. Үлүштү сатып алуу-сатуу жагындагы негизги келишим – Share Sale Purchase Agreement Англия жана Уэльс укук ченемине ылайык түзүлгөн, бул ачык-айкындыкты, тараптардын укуктук корголуусун жана дүйнөлүк инвесторлор менен өнөктөштөрдүн ишенимин камсыздоочу эл аралык тажрыйба болуп саналат.
Компаниянын үлүшүн толук сатуу ишин штаб-квартирасы Бириккен Араб Эмираттарында жайгашкан VEON Ltd. эл аралыктелекоммуникация тобу жана казакстандык“Верный Капитал” тобуна кирген CrowellInvestments Ltd инвестициялык компаниясыжыйынтыкташты. Аталган бүтүм инвестициялык банкинг жана корпоративдик башкаруунун эл аралык стандарттарын сактоо менен ишке ашырылды.
- Биз “Скай Мобайл” компаниясын сатып алуу стратегиялык долбоорлорду ишке ашырууда ачык жана кесипкөйлүк менен иш алып баруунун үлгүсү болуп калганына сыймыктанабыз. Эл аралык юридикалык механизмдерди жана мыкты M&A тажрыйбаларын колдонуу биздин дүйнөлүк финансылык-экономикалык мейкиндикке интеграциялануу багытыбызды баса белгилейт. “Скай Мобайлды” сатып алуу - жөн гана телеком-актив эмес. Бул Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүү жана биздин жарандарыбыздын жашоо-турмуш сапатын жакшыртуу максатында банк жана коммуникация технологияларын бириктире турган кубаттуу санариптик платформаны калыптандырууга ташталган кадам. Белгилей кетсем, бул чечим Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун колдоосу менен ишке ашырылды, - деп белгиледи “Элдик Банк” ААК Башкармасынын Төрагасы Уланбек Ногаев.
“Скай Мобайл” компаниясын сатып алуу Банктын санариптик жана технологиялык институт катары өнүгүүсүнүн жаңы башкы барагын ачып жатат. Аталып жаткан бул эки бараандуу компаниянын дараметин бириктирүү бизге мобилдүү банкинг, санариптик төлөмдөр, азыркы заманга бап келген финансы жана коммуникация кызматтарын көрсөтүү тармагында рынокко алдыңкы чечимдерди сунуштоого мүмкүндүк берет. Буйруса, жакынкы арада финтехти өнүктүрүүгө, заманбап төлөм инструменттерин интеграциялоого жана аймактарда санариптик каражаттар аркылуу төлөө сапатын жогорулатууга багытталган биргелешкен долбоорлорубуз ишке ашырылат.
“Скай Мобайл” компаниясы өзүнүн командасын, операциялык-иш моделин жана кардар базасын сактап калуу менен, Beeline бренди астында иш-аракетин уланта бере тургандыгын өзгөчө белгилеп кетебиз.
Улуттук банктын №033,033/1 лицензиясы
