Борбордун айрым аймактарында 15-августта суу берилбейт
Бишкектин айрым көчөлөрүндө 15-августта саат 9:00дөн 20:00гө чейин таза берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу калаа мэриясы жарыя таратты.
Маалыматка караганда, бул күнү ХБО суу алгычын реконструкциялоо иштери жүргүзүлөт.
Өчүрүү аймагы төмөнкү көчөлөр менен чектелет: Анкара көчөсү - Горький көчөсү, Аламүдүн дарыясы, темир жол линиясы жана Октябрь көчөсү.
“Бишкексууканал” ишканасы мекеме-уюмдардан жана калктан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:20
2025-08-13

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.