Нарын милициясы жасалма акча колдонуп жүргөн жаранды кармады

Маалым болгондой, шаардагы дүкөндөрдүн бирине жашы 25-30 чамасында белгисиз эркек киши колуна ымыркай баласын көтөрүп кирип, соода кылган. Анда жалпы баасы 175 сомдук товар алып, сатуучуга жасалма 1000 сомдукту берип, 825 сом кайрытып алган.
Бул факт боюнча текшерүү жүрүп, Ош облусунун Кара-Суу районунун 2003-жылы туулган А.С. аттуу тургуну шектелип, кармалды. Ал август айынын башында ижарага алган "Субару Легаси" унаасы менен ар кайсы аймактарда жасалма акча менен соода кылып жүргөнү белгилүү болду. Тинтүү учурунда автоунаасынан EPSON принтери жана даярдалган 28 даана жасалма 1000 сомдук купюра табылды.
Учурда Кылмыш-жаза кодексинин 233-беренесинин 1-бөлүгү боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Унаасы айып короого токтотулду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:59
2025-08-13

10:24
2025-08-13
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.