Маданият министри Монголияга бара турган экспедициялык топту кабыл алды

Илимий топ президенттин 2024-жылдын 18-декабрындагы “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жөнүндө” жарлыгынын алкагында кетип жатат. Анда кыргыздардын, кыргыз тектүү этностордун, ошондой эле кыргыздар менен байланышкан тарыхый, маданий жана фольклордук мурастарын илимий жактан изилдөө иштерин жүргүзүү Монголияда ушул жылдын 14-28-август күндөрү өтөт.
Мамлекет тарабынан алгачкы жолу уюштурулуп жаткан бул экспедиция Кыргызстан менен Монголиянын ортосундагы этномаданий жана тарыхый байланыштарды кайра жандандыруу, ошондой эле жоголуу коркунучунда турган руханий жана материалдык мурастарды сактап калуу максатында жүргүзүлөт.
Белгилей кетсек, бул изилдөөнүн жыйынтыгы менен Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан илимий басылма жарыкка чыгат жана документалдуу фильм тартылат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:26
2025-08-04
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.