Мелис Мырзакматов: "Жазында жаңы дем менен келип, буларды жай-жайына коёр мезгил келет"
Азыркы тапта Ош шаарынын борбордук аянтында "Улуттар биримдиги" партиясы жана Мелис Мырзакматовдун тарапташтарынын митинги өтүүдө.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Митингчилер: "Ош күйүп кеткенде, Мелис гүлдөткөн. 60 миңден ашуун чогулган элдин атынан курултай өткөрүп, экинчи шайлоодо Мелисти мэр кылып шайлап алалы. Мелис эл үчүн өмүрү өткөнчө кызмат кылат. Биз чет өлкөлүктөргө уят болуп жатабыз. Жогорку Кеңештин депутаттарына да нааразыбыз. Азыркы мыйзам элдин кызыкчылыгына каршы" деп айтышууда.
"Мен элдин уулу катары силер менен биргемин. Сооронбайды укпагыла. Элди түртүп жатышат. Ноокат, Кадамжай райондорунун тургундарын өткөрбөй жатышат. Сиздерди кордоп жатышат. Сиздерди сабырдуулукка чакырам. Урматтуу туугандар, кошоматчыларды укпагыла! Эр жигит эч нерседен коркпойт. Биз максатка жетүүнү жакшы билебиз. Менин бүркүттөрүм, кеч киргенге чейин үйгө баргыла. Эртеңки жеңиш сөзсүз биздики болот. Жазында жаңы дем менен келип, буларды жай-жайына коёр мезгил келет",- деди Мелис Мырзакматов өз сөзүндө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:19
2025-07-08
Рейтинг:
1

