super.kg logo

Израил Газадагы палестиналыктарды Түштүк Суданга көчүрүүнү каалайт

 

Израил палестиналыктарды Газанын урандыларга айланган аймагынан Түштүк Суданга көчүрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулап жатат. Бул тууралуу CNN маалымат агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, бул план — Израилдин ХАМАСка каршы 22 айга созулган чабуулунун натыйжасында кыйраган аймактан массалык көчүүгө көмөктөшүү боюнча кеңири аракеттеринин бир бөлүгү.

Учурда сүйлөшүүлөр канчалык деңгээлде жылганы белгисиз. Бирок план ишке ашса, адамдарды ачарчылык коркунучу бар согуш жүрүп жаткан аймактан башка согуш жүрүп жаткан аймакка көчүрүү болуп калат.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху АКШнын президенти Дональд Трамп сунуш кылган — Газанын калкынын басымдуу бөлүгүн көчүрүү идеясын ишке ашыргысы келерин айтты. Нетаньяху муну "ыктыярдуу миграция" деп атап, башка Африка өлкөлөрүнө да ушундай сунуштарды бергенин белгиледи.

"Менимче, согуш мыйзамдарына ылайык калкка кетүүгө уруксат берүү, андан кийин калган душманга бардык күч менен сокку уруу - туура чечим", — деди Нетаньяху Израилдин i24 телеканалына берген маегинде.

Палестиналыктар, укук коргоо уюмдары жана дүйнөлүк коомчулуктун басымдуу бөлүгү бул сунуштарды эл аралык укукту бузган мажбурлап көчүрүү планы катары четке какты.

Түштүк Судандын Тышкы иштер министрлиги өз билдирүүсүндө Израил менен палестиналыктарды көчүрүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат деген маалыматты негизсиз деп атады.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлү бул тууралуу жеке дипломатиялык сүйлөшүүлөр тууралуу пикир айта албай турганын билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: