Өлкөдө өндүрүлгөн алкоголдук продукциялардан 2 миллиард сомдон ашык акциз салыгы жыйналды

Маалым болгондой, бул көрсөткүч 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10 миллион сомго көп. Мындан тышкары, 7 айда ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн импорттолгон алкоголдук продукциялардан түшкөн акциздик салыктын көлөмү 426 миллион сомду түздү, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 98 миллион сомго көп.
"Соода тармагында (чекене жана дүң) сатылып жаткан маркаланууга тийиш болгон продукциянын акциздик маркасынын бар же жок экендигин жана анын аныктыгын Салык кызматынын органдары көзөмөлдөйт. Салык кызматы жарандарды жасалма жана контрафакттык продукцияны колдонуудан качуу үчүн алкоголдук продукциядагы акциздик марканын аныктыгын текшерүүгө чакырат. Аны текшерүү үчүн “Salyk” мобилдик тиркемесинде “Акциздик марка” бөлүмү бар. Ал жерде маркадагы Data-Matrix кодун сканерлөө аркылуу продукция тууралуу маалымат алууга болот",- деп белгиленген маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:10
2025-08-14
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.