Beeline Ысык-Көлдүн жээгинде кинокечтер мезгилин ачты
Жайдын керемет кечи – бут алдыңдагы жумшак кум, шарпылдаган толкундардын үнү жана… ачык асман алдындагы экранда жагымдуу кино. Августтун аягына чейин Beeline Кыргызстан уюлдук оператору Ысык-Көлдүн жээктеринде акысыз кино көрсөтүүлөрдү өткөрөт. Эгерде дем алыш күндөрү көлдүн түндүк жээгинде эс алууну пландаштырсаңыз – сиз да кошулуңуз!
Beeline компаниясынан Ысык-Көлдөгү алгачкы кино кечелер 8-9-августта «Ата-Конуш» пляжында жана «Алтын-Көл» пансионатында өттү. Иш-чарага жергиликтүү тургундар, туристтер жана эс алуучулардан жүздөгөн меймандар катышты. Алар үчүн ыңгайлуу аянтча жана конкурстар, байгелер менен коштолгон көңүл ачуучу программа даярдалган. Ал эми көңүл борборунда - кыргыз комедиялары «Полчан 3» жана «Чаке» тасмаларынын көрсөтүүлөрү болду.
Бул башталышы гана — Ысык-Көлдөгү кино кечелердин сезону уланууда. Beeline бардык каалоочуларды кинонун, эс алуунун жана жайкы маанайдын атмосферасында убакыт өткөрүүгө чакырат. Сиздерди жаркыраган сүрөт аянты бар жайлуу эс алуу аймагы, жээкте ата мекендик тасмаларды көрүү, сынактар жана башка сюрприздер күтөт. Кирүү акысыз!
Beeline компаниясындагы жаңы кинолор кайда жана качан болот:
- 15-август — «Золотые пески» пансионатынын жээги;
- 16 жана 22-август — «Чайка Резорт» пансионатынын жээги;
- 23- август — «Алтын-Көл» пансионаты;
- 29 жана 30-август — «Ак-Марал» пансионаты.
Убактысы: 19:30 дан 21:30 га чейин. Расписание өзгөрүшү мүмкүн, жаңылыктарды Instagramдагы Beeline расмий баракчасынан карап тургула.
Кино көрсөтүүлөр «Этномедиа» онлайн-кинотеатрынын, Чолпон-Ата шаарынын мэриясынын, ошондой эле «Алтын-Көл», «Золотые пески», «Чайка Резорт» жана «Ак-Марал» пансионаттарынын жетекчилигинин колдоосу менен уюштурулган.
Beeline компаниясы кино көрсөтүүлөрдү өткөрүүгө көмөктөшкөн бардык өнөктөштөргө ыраазычылык билдирет жана жакынкы иш-чараларда конокторду күтөт.
Ысык-Көлдө жакындарыңыз менен бирге унутулгус кино кечесин өткөрүңүз!
Бул мүмкүн. Бул Beeline.
