super.kg logo

Былтыр жаңы салуу сунушу берилген... ӨКМ Эки-Нарындагы кулаган көпүрө боюнча билдирүү жасады

 

Нарын районундагы Эки-Нарын айылынын башка аймактар менен байланыштырып турган Нарын дарыясынын үстүндөгү көпүрө кулап, жүк ташуусу унаанын айдоочуу дайынсыз болууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Министрлик окуя катталары менен жерине куткаруучулар тартылганын белгиледи. Учурда дайынсыз делген жаранды изөө иштерине жалпы 38 куткаруучу чыгып, алар 8 топко бөлүнүп, Нарын шаарынын Жаңы-Жол тилкесинен Эки-Нарын айылына чейинки дарыя жээктеринде иш алып барышууда.

ӨКМ былтыркы жылы министрликтин мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин адистери Нарын дарыясынан Эки-Нарын айылына өтүүчү көпүрөгө изилдөө жүргүзүшкөнүн кошумчалады.

"Жыгач көпүрө адам өмүрүнө, унаалардын өтүүсүнө кооптуулук жарата тургандыгы аныкталган. Былтыркы жылдын 18-сентябрында тиешелүү тармактарга жаңы көпүрө куруу сунушу менен коопсуздукту сактоо корутундусу жөнөтүлгөн", - деп айтылат маалыматта.

Айта кетсек, кечээ, 13-августта SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" бөлүмүнө аталган айылдын тургундары Нарын дарыясынан алып өтчү көпүрө кулаганын билдиришти.

Жергиликтүү тургундар көпүрөгө көп жыл болгонун, эскилиги жетип авариялык абалда турганын айтышып, көпүрө мектептин курулушуна арматура жеткизүүгө бара жаткан жүк ташуучу унаа өтүп бара жатканда кулаганын белгилешкен.

Алар убагында тургундардын кайрылуусуна карабай жергиликтүү бийлик тарабынан көпүрөнү оңдоо иштери жүргүзүлбөй келгенин айтышкан.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: