7 өлкө Трампты Нобель сыйлыгына көрсөттү
Ак үйдүн маалыматына караганда, жети мамлекет АКШнын президенти Дональд Трамптын талапкерлигин Нобель тынчтык сыйлыгына колдоду. Бул тууралуу маалымат Ак үйдүн X социалдык тармагындагы расмий баракчасында жарыяланды.
Трампты колдогондордун катарында Азербайжандын президенти Ильхам Алиев, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Камбоджанын премьер-министри Хун Сен, Габондун президенти Брайс Олиги Нгема, Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху, Пакистандын өкмөтү жана Руанадан тышкы иштер министри Оливье Ндухунгирехе бар.
Буга чейин, июнь айында, конгрессмен-республикачыл Бадди Картер Трамптын талапкерлигин Нобель сыйлыгына көрсөтүүнү сунуштаган. Ал Нобель комитетине жөнөткөн катында Трамп "Израил менен Ирандын ортосундагы куралдуу кагылышууну токтотууда өзгөчө жана тарыхый роль ойногонун" белгилеген.
Мындан тышкары, Пакистан өкмөтү да аны Индия менен болгон жаңжалды чечүүдөгү ортомчулугу үчүн сыйлыкка көрсөтүүнү сунуштаган. Алардын айтымында, АКШ президенти "Бир убакта Исламабад жана Нью-Дели менен дипломатиялык алакаларды жүргүзүүдө чоң стратегиялык көрөгөчтүк жана мыкты мамлекеттик акылмандык" көрсөттү.
