ПСЖ "Тоттенхэмди" жеңип, УЕФА Суперкубогунун чемпиону болду
Франциялык футбол клубу "Пари Сен-Жермен" (ПСЖ) британиялык "Тоттенхэмди" жеңип, Европа футбол ассоциацияларынын союзу (УЕФА) уюштурган Суперкубоктун жеңүүчүсү болду. Беттеш кечээ, 13-августта Италиянын Удине шаарында өттү.
Негизги оюн убактысы тең чыгуу менен аяктап, экинчи тайм 2:2 эсебинде жыйынтыкталды. Бирок пенальтилер сериясында француз клубу атаандашын 4:3 эсеби менен жеңе алды.
"Тоттенхэмдин" курамында голдорду клубдун коргоочулары Микки ван де Вен 39-мүнөттө жана Кристиан Ромеро 48-мүнөттө киргизишти. Ал эми ПСЖ үчүн 85-мүнөттө жарым коргоочу Ли Кан Ин жана чабуулчу Гонсалу Рамуш (90+4) голдорду киргизишти.
Пенальти сериясынан кийин париждик команда өз тарыхында биринчи жолу УЕФА Суперкубогунун титулун жеңип алды. Ошондой эле ПСЖ бул беттеште негизги дарбазачысы Жанлуижи Доннаруммасыз ойноду.
