super.kg logo

Жунушалиев Ала-Арча дарыясынын аймагында соода кылган сатуучулар менен жолукту

 

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Ала-Арча дарыясынын коргоо аймагындагы соода түйүндөрүн кыдырып, "Ош базарында" иштеген ишкерлер менен жолукту. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди.

Жолугушууда калаа башчысы мыйзамга ылайык, эки соода катар жайгашкан аймакта сервитут болууга тийиш экенин, ал эми дарыянын жээгинен 15 метрге чейинки аралыкта кандайдыр бир курулуш жүргүзүүгө тыюу салынарын белгиледи.

Соодагерлердин өтүнүчүн эске алып, мэр Айбек Жунушалиев бул маселени мыйзамдын алкагында чечүүнүн бардык мүмкүн болгон жолдорун кароону тапшырды.

Шаардык кызматтарга дарыядан алыс жайгашкан биринчи соода катарды сактап калуу тапшырылды. Ал эми дарыяга жакын жайгашкан экинчи катардагы 39 соода жайынын ээлерине мыйзам чегинде иштөөнү улантуу сунушталууда. "Ош базарынын" ичинде 20 бош соода орун бар. Калган 19 сатуучуга мэрия альтернативалуу жумуш орундарын сунуштайт.

Мындан тышкары, мэр жолугушууда дарыянын жээгиндеги тосмо дубалдар авариялык абалда экенин белгилеп, жээкти бекемдөө иштерин жүргүзүүнү тапшырды. “Эгерде бул жерде кандайдыр бир кырсык болсо, жоопкерчиликти мэрия тартат”,- деп баса белгиледи Жунушалиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: