Шымкентте акимдин орун басарын атып жаткандагы видео сот отурумунда көрсөтүлдү
Казакстандын Шымкент шаарында акимдин орун басары Руслан Берденовго болгон кол салуунун видеосу соттук отурумда көрсөтүлдү. Бул тууралуу казак басылмалары жазышууда.
Кадрларда шектүү Ернар Жиембай Берденовду түз эле Шымкент акимиатынын имаратына кире берген жерде атып жатканын көрүүгө болот. Ок жегенине карабастан, мамлекеттик кызматкер каршылык көрсөтүүгө аракет кылган. Андан соң анын айдоочусу кийлигишип, Жиембайды кылмыш болгон жерден кармоого жетишкен. Ошол учурда Руслан Берденов жерге жыгылып жаткан.
Учурда сот процесси жүрүп жатат.
Айта кетсек, Берденовго 21-апрель күнү кечинде кол салуу болгон. Ага ооруканада төрт сааттык операция жасалып, аман калды. Чиновник денесинде октун 60ка жакын чачырандысы бар экендигин билдирди.
14.08.25
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:32
2025-08-13
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.