ӨКМ Эки-Нарында кулаган көпүрөнүн былтыркы жылдагы текшерүүдө тартылган сүрөттөрүн жарыялады




Кечээ, 13-августта Нарын районундагы Эки-Нарын айылынын башка аймактар менен байланыштырып турган Нарын дарыясынын үстүндөгү көпүрө кулады.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги көпүрөдөн өтүү аракетинде сууга кулаган жүк ташуучу унаанын айдоочусун издөө иштери жүрүп жатканын билдирди.
Министрлик ошондой эле жыгач көпүрө боюнча былтыр изилдөө иштери жүргүзүлүп, жараксыз абалда экени аныкталганын белгиледи. Натыйжада былтыркы жылдын 18-сентябрында тиешелүү тармактарга жаңы көпүрө куруу сунушу берилген.
Бүгүн, 14-августта президенттин Нарындагы өкүлчүлүгү жүк ташыган унаа дарыядан чыгарылганын маалымдады.
13-августа SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" бөлүмүнө кайрылган аталган айылдын тургундары көпүрөгө көп жыл болгонун, эскилиги жетип авариялык абалда турганын билдиришкен. Алардын айтымында, көпүрө мектептин курулушуна арматура жеткизүүгө бара жаткан жүк ташуучу унаа өтүп бара жатканда кулаган.
Алар убагында тургундардын кайрылуусуна карабай жергиликтүү бийлик тарабынан көпүрөнү оңдоо иштери жүргүзүлбөй келгенин белгилешкен.
