Эдуард Кубатов К2 чокусун багындырганы тууралуу билдирүү жасады
Эдуард Кубатов дүйнөдөгү эң бийик чокулардын бири К2 чокусунан түшүп, социалдык тармактагы баракчасында билдирүү жасады.
Кубатовдун айтымында ал кечээ, 13-августта таңкы саат беште чокудан түштү. Түшүү убагында көпчүлүк оор жаракат алып, бир альпинист айым каза болгонун айтты.
"Бул жеңишибизди өлкөбүздүн көз карандысыздыгына арнайм жана улуу элибиздин бир бөлүгү болгонум үчүн сыймыктанам! Жакында жолугушканча, достор! Тирүүмүн, бир аз дартка чалдыктым, бирок мен үйгө кайтып баратам! Бардыгыңарды кучактайм! Баарыңар жүрөгүмдөсүңөр!",- деп жазды ал.
Ошондой эле Кубатов видео, сүрөттөр менен интернетке кошулгандан кийин бөлүшөрүн, азыр Скарду шаарына баратканын кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:10
2025-08-14
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.