super.kg logo

Өзгөндө аткаминер кол алдындагыны интимдик аракетке мажбурлаган делип кармалды (видео)

 

Оштун Өзгөн районундагы соттук-медициналык экспертиза бөлүмүнүн башчысы камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 14-августта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Атайын кызмат ал 7-август күнү кол алдындагы кызматкерине сексуалдык ыдык көрсөткөн деген шек менен Ош шаарында кармалганын белгиледи. УКМКга шектүүнүн үстүнөн арыз түшкөн.

Арызда шектүү өзүнүн кызмат абалынан пайдаланып кол астында иштеген кызматкерге WhatsApp аркылуу ар түрдүү адепсиз билдирүүлөрдү, сүрөттөрдү жөнөтүп, ошондой эле күч колдонуу жолу менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасоого, интимдик жакындыкта болууга мажбурлаганы айтылган.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 156-беренесинин 1-бөлүгү (Сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо) менен кылмыш иши козголгон.

Атайын кызмат шектүүнү кармоо операциясы тартылган видео жарыялады. Анда анын иш бөлмөсүнөн бычак жана унаасынан ок атуучу курал табылганын көрүүгө болот.






УКМК

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: