Бишкектин депутаты "Манас" аэропортундагы жагымсыз окуя менен бөлүштү (видео)
Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Жаныбек Асанбеков Стамбулдан кайтып келе жатып "Манас" эл аралык аэропортунда жагымсыз окуяга туш болгонун билдирди.
Ал Фейсбуктагы өзүнүн баракчасына видео жүктөп, чек ара кызматкерлеринин чет элдик жарандарга жасаган мамилесине нааразычылыгын айтты. Ошондой эле өткөрмө пунктундагы айрым мүчүлүштүктөрдү атап, өлкөнүн меймандостугу, деңгээли дал ошол жерден баштала тургандыгын билдирип, сунуштарын берди.
Айта кетсек, кечээ, 13-августта аэропортто чек ара кызматкери чет элдик жарандар менен пикир келишпестикке барып жатканын билдирген видео тараган.
"Президент лыжа базасы курулат, 2 миллиондой турист келип, миграцияда жүргөн мекендештер жумуш менен камсыз болот деп жатат. Aйткым келгени, бизге туристтердин келиши абдан маанилүү. Андыктан өлкөгө болгон биринчи маанай аэропорттон башталат. Турист келип эле орой мамилеге туш болуп, (ред.: чек ара кызматкери) өзүнүн тилинде сүйлөп жатса болбойт. Мен жарым дүйнөнү көрүп койдум, мага өзүнүн тилинде эч ким сүйлөбөйт, эгер мен түшүнбөсөм. Мага чек ара кызматкеринин мамилеси жаккан жок. Ага чейин "сбой" болгонбу билбейм. Адам толтура. Көп өлкөдө жип тартылып, каршы-терши кириш керек. Тартип менен кириш керек. Эч бир жерде эч нерсе деп жазылган эмес. "Бул өзүбүздүн жарандарга, бул чет өлкөлүктөргө" деп жазылып турат. Сканерлер иштебейт, канча акча кеткенин билбейм, бирок коюп койгон. Туристтер кирип каякка жылышын билбей, бири-биринен сурайт", - деди Асанбеков.
Депутат аэропорттогу жасалып жаткан алгылыктуу иштерге алкышын айтып, бирок маселелердин үстүндө иштөө керектигин билдирди. Ошондой эле өлкө башчысына жардам берүү иретинде маселелерди айтып чечүү зыянын тийгизбейт деген пикирде.
14.08.25

