Путин менен Трамптын Аляскадагы жолугушуусунун даярдыгы аяктады
Орусия президентинин жардамчысы Юрий Ушаков, Владимир Путин менен Дональд Трамптын Аляскадагы жолугушуусуна даярдык толугу менен аяктаганын билдирди. Анын айтымында, жолугушуунун негизги темасы - Украина кризисин жөнгө салуу болот.
Маалыматка ылайык, жолугушуунун программасы макулдашылган. Алгач Путин менен Трамп бетме-бет сүйлөшүп, андан соң делегациялар менен биргелешкен жыйын өтөт.
Ушаков билдиргендей, эки президенттин жолугушуусу Аляскадагы Анкоридж шаарында жергиликтүү убакыт боюнча саат 11:30да башталат. Сүйлөшүүлөргө Орусия ТИМ башчысы Сергей Лавров, Ушаков, коргоо министри Андрей Белоусов, каржы министри Антон Силуанов жана Орусиянын Түз инвестициялар фондунун жетекчиси Кирилл Дмитриев катышат.
Жолугушуудан кийин Путин менен Трамп биргелешкен пресс-конференция өткөрөт.
Эске салсак, 15-августта АКШ президенти Дональд Трамп менен Орусия президенти Владимир Путиндин Аляскада сүйлөшүүлөрү пландалган. Ал жерде Украина менен Орусия ортосундагы тынчтык келишими талкууланары күтүлүүдө. Бул келишимде айрым аймактар боюнча алмашуу маселеси да каралышы мүмкүн экени айтылган.
Батыш маалымат каражаттарынын билдиришинче, АКШ Путинге Украинанын калган Донбассын берүүнү, анын ордуна согуш аракеттерин токтотууну сунуштаган.
Өз кезегинде Украина президенти Владимир Зеленский Киев Орусиялыктарга өз аймактарын "белекке" бербей турганын белгилеген.
