О! камтуусу күчөтүлдү: 4G LTE туристтер менен аймактардын жашоочулары үчүн кыйла жакшырды
Кыргызстанда курорттук сезон уланууда: туристтер саякаттарын кубануу менен пландап, өлкөнүн кооз жерлери менен таанышып жатышат. Демек, саякатчылар үчүн да, иштегендер үчүн да ылдам жана туруктуу интернеттин болушу абдан маанилүү.
О! мобилдик оператору өлкөнүн бүтүндөй аймагында интернеттин ылдамдыгын жана туруктуулугун жогорулатуу багытында үзгүлтүксүз иш алып барууда – жаңы станцияларды орнотуп, жабдууларды жаңыртып жатат. Мунун баары Кыргызстандын эң популярдуу жана алыскы аймактарында интернеттин тез жана туруктуу иштөөсүн камсыздоо максатында аткарылып жатат.
Туристтик каттамдарга өзгөчө көңүл бурулат. Мисалы, Боом капчыгайы аркылуу өткөн негизги трассаны бойлото 4G-интернеттин сапаты жакшыртылды. Дал ушул капчыгай аркылуу миңдеген кишилер Ысык-Көлгө эс алууга барышат. Курорттордун өзүндө да: Каракол, Чолпон-Ата, Балыкчы шаарларында, Ананьево, Боз-Булуң, Бостери, Булан-Сөгөттү, Жеңиш, Жон-Булак, Корумду, Кудургу, Нововознесеновка, Новоконстантиновка, Өндүрүш, Сары-Ой, Светлая Поляна, Темировка, Токтогул, Түп, Чок-Тал айылдарында камтуу жакшыртылды.
Чүй облусу боюнча Бишкек, Токмок шаарларында, «Калыс‑Ордо» жана «Ак‑Бата» конуштарында, ошондой эле Чым‑Коргон, Сокулук, Алиаскар Токтоналиев а., Туз, Юрьевка, Ак‑Сай, Кошой, Тельман а., Военно‑Антоновка, Ленинское, Пригородное, Чүй, Манас, Лебединовка, Маевка, Көк_Жар, Алексеевка, Суусамыр айылдарында жогорку ылдамдыктагы интернет жеткиликтүү болуп калды. Мындан тышкары, «Манас» аба майданынын, «Орусай» эс алуу базасынын жана «Алтын‑Кен» ишканасынын аймагында байланыштын сапаты жакшыртылды.
Жалал-Абад облусунун ичинен Жалал-Абад, Базар-Коргон, Токтогул, Кочкор-Ата, Кербен шаарларында жана Айгыр-Жал, Алма, Арал, Благовещенка, Жаңы-Базар, Жазгак, Жар-Кыштак, Жоон-Күнгөй, Катар-Жаңгак, Кара-Башат, Кедей-Арык, Комсомол, Көтөрмө, Курулуш, Кызыл-Кыргызстан, Кызыл-Өзгөрүш, Массы, Момбеково, Өлөң-Булак, Сасык-Булак, Семет, Сары-Талаа, Таран-Базар, Таш-Булак, Тенги, Торкент жана Куйбышев а. айылдарды кошкондо, 30дан ашуун айылда 4G түйүнү кыйла жеткиликтүү болуп калды.
Нарын облусунда түйүндүн камтуусу Куланак, Түгөл-Сай айылдарында жана «Куланак» ГЭСинин аймагында күчөтүлдү. Ош облусу боюнча Ош, Ноокат шаарларында жана Каранай, Куршаб, Арык-Бою, Жайылма, Мырза-Аке, Кыргыз-Чек, Мамажан, Дыйкан-Кыштак, Зарбалик, Жапалак, Араван, Отуз-Адыр айылдарында, ал эми Баткен облусунун Жаш-Тилек жана Өндүрүш айылдарында түйүндүн камтуусу жакшыртылды.
О! Кыргызстандын калк отурукташкан аймактарында 4G LTE камтуусу боюнча лидерлик позициясын сактап келет. Бул болсо, миллиондогон абоненттер кайда жүрсө да: жумушта, жолдо же жайкы эс алууда туруктуу жана ылдам байланыш кызматтарынан эч кандай маселесиз пайдалана алат дегенди түшүндүрөт.
eSIM технологиясынын жардамы менен «Мой О!» тиркемесинен кеңсеге барбай туруп, аралыктан эле О! түйүнүнө кошулуп, ыңгайлуу тарифти тандай аласыз. Ошондой эле муну жакын жерде жайгашкан O!Store дүкөнүнөн да ишке ашырууга болот.
О! Колдоо кызматына күнү-түнү Whatsapp: https://wa.me/996705700700 же Telegram: @o_mobile_operator_bot аркылуу, o.kg сайтындагы онлайн-чатка жазыңыз, ошондой эле Facebook, Instagram, «Одноклассники», «ВКонтакте», YouTube же Twitter социалдык тармактарынан жеке билдирүүлөр аркылуу кайрылыңыз.
«НУР Телеком» ЖЧКсынын КР МБТМК караштуу МБА 06.12.2016-ж. №16-0062-КР жана №16-0063-КР лицензиялары.
