Күлгүн кызыл фламинголор жашаган Сардиния аралына саякат (видео)
Жайдын ысык аптабында алыскы Сардиния аралына жолум түшүп калды. Порталыбыздын #Sayakattime рубрикасынын алкагында бул укмуштуу аралга болгон сапарымды баяндап берейин.
Бул арал — Италиянын кооз гана эмес, тарыхый байлыктарга да абдан бай аймагы. Менин бул саякатым аралдын түштүк бөлүгүндө жайгашкан Кальяри шаарынан башталды. Шаар аралдын баш калаасы болуп эсептелет.
Калаа аралдын түштүк жээгинде жайгашып, Африканын түндүк жээгине "дарбаза" катары да кызмат кылат. Көп кылымдар бою Кальяри Жер Ортолук деңиз аймагында маанилүү роль ойноп келген. Археологиялык казуулар бул аймакта неолит доорунда эле адамдар жашаганын далилдеген. Рим империясынын мезгилинде Кальяри аскердик база болуп, аны Тит Манлий башкарган. Кийинчерээк шаар экономикалык жактан тездик менен өнүгүп, калкы жана аймагы кеңейген.
А мен саякатымды алгач Кальяридеги символдук имараттардын бири болгон Бастион Сан-Ремиден баштадым. 19-кылымда курулган бул кооз имарат шаар борборунда жайгашып, Кальяридеги эң белгилүү эстеликтердин бири болуп саналат. Имарат башында коргонуу максатында колдонулган, азыр укмуштай панорама көрүүгө боло турган аянтчага айланган. Ортоңку фасады өзгөчө кооз жасалгаланган. Эгерде сиз дагы бул калаага саякаттоону пландасаңыз, сизге да саякатыңызды дал ушул имараттан баштоону сунуштайм. Анткени дароо эле шаарды бийиктиктен көрүп, андан ары кайсы тарапка барууну чечип алууга эң ыңгайлуу жер болуп эсептелинет.
Андан сырткары бул жер – таңдын атканын тосууга, күндүн батканын көрүүгө эң ыңгайлуу.
Бастиондон бир нече мүнөт алыстыкта жайгашкан Торре-дель-Элефанте — шаардагы эң белгилүү мунаралардын бири. Ал 1307-жылы курулуп, көп жыл бою шаарды коргогон. Мунаранын жасалышы жөнөкөй болгону менен, таштан жасалган кичинекей пилдин фигурасы жана гербдери сыяктуу майда деталдар аны өзгөчө кылат. Туристтер мунаранын чокусуна чыгып, калаанын эң кооз көрүнүштөрүн көрө алышат.
Кальяридеги эң тарыхый жана кооз аймактардын бири — Кастелло. Бул жерде таш төшөлгөн тар көчөлөр, байыркы үйлөр жана жагымдуу атмосфера сизди тосуп алат. Кварталда Санта-Мария собору, Палаццо Архивесковиле жана Палаццо Режио сыяктуу эстеликтер жайгашкан. Бул жакка жолуңуз түшүп калса аймактагы Карло Альберто аянтында отуруп, Италиянын балмуздагы желатодон даам татып коюуну унутпаңыз.
Мен да желатодон жеп, андан ары Кафедралык соборго бардым. 13-кылымда курулган бул Кальяри собору бир нече жолу өзгөртүлүп, азыр романдык жана барокко стилдерин айкалыштырган керемет архитектурага ээ. Ал Пиза соборунун фасадына окшош, таштан жасалган аркалары жана диний барельефтери менен айырмаланат. Ичине киргенде кооз фрескалар, алтын жалатылган алтарь жана кичинекей капеллалар көзгө урунат.
Сапарымдын калган бөлүгүн маданий имараттарга арнап, Улуттук археологиялык музей тарапты көздөй жөнөдүм. Бул музей Сардиниядагы эң ири археологиялык коллекцияга ээ. Ал калаадагы римдик амфитеатрга жакын жайгашкан. Музейде грек, рим доорлоруна таандык тыйындар, зер буюмдар, керамикалар, айкелдер жана башка баалуу экспонаттар сакталыптыр.
Рим амфитеатры 2-кылымда курулган. Бул амфитеатр жарым-жартылай тоо ташына оюлуп жасалганын байкадым. Илгери бул жерде гладиатордук мелдештер, театрдык оюндар жана коомдук жазалар өткөрүлгөн. Азыр ал жерде экскурсиялар жана концерттер өтөт.
Андан ары дагы бир укмуштуудай жер – музейлер кварталына бет алдым. Тарыхый борбордун түндүк бөлүгүндө жайгашкан бул аймакта бир нече музей бар: Улуттук галерея, Археологиялык музей, анатомиялык музей, жана "Сиам искусствосу" музейи. Бул жерди толук кыдыруу үчүн бир күндү толугу менен бөлгөн туура болот экен. Мен, тилекке каршы, анте албадым.
Кальяриге болгон саякатымдын мен үчүн эң өзгөчө бөлүгү – Палаццо Режионун ичине кирүүм болду. Бул имарат убагында Сардиниянын падышаларынын резиденциясы болгон экен. 19-кылымдагы реставрациядан кийин ал заманбап фасадга ээ болгондугун билет саткан айым айтып берди. Имараттын ичинен кеңеш залын, 19-кылымдагы фрескаларды жана кооз лепнина жасалгаларын, эмеректеринин азыркы күнгө чейин сакталып турганын көрүүгө болот.
Ал эми унутулгус көз ирмемим – Молентаржус паркына барганым болду. Анткени Кальяриден чыгыш тарапта жайгашкан бул паркта күлгүн кызыл фламинголор бар экен. Мындан тышкары, бул жерде кара канаттуу суу куштары жана башка көптөгөн канаттууларды көрдүм. Таңкы же болбосо кечки убакта парк өзгөчө кооз көрүнөт экен. Мен кечке жуук бардым.
Саякатымды шаар боюнча белгилүү болгон Поэтто пляжынан жыйынтыктадым. Суусу туптунук, жылуу жана жагымдуу экен. Сүзүү үчүн барбасаңыз да, күндүн батканын көрүү үчүн барууну сөзсүз сунуштайм. Баса, бул пляж Молентаржус паркына жакын жайгашкан. Парктын ичине кирбестен, пляжга бараткан жолдон да парк тарапты караганда күлгүн кызыл фламинголорду көрүүгө болот.
Кальяри

