Мишустиндин учагы Тамчыдагы аэропортко конду. Ким тосуп алды?



Бүгүн, 14-августа Орусиянын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин Кыргызстанга расмий сапар менен келди. Бул тууралуу Кыргызстандын министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, аны “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тосуп алды. Анда килем төшөлүп, ардактуу кароолдун ротасы тизилди.
Белгилей кетсек, расмий сапардын алкагында Касымалиев менен кыргыз-орус күн тартибиндеги бир катар маселелердин жыйындысы каралары, анын ичинде соода-экономикалык мамилелер, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана интеграциялык бирикмелердин алкагындагы аракеттерди координациялоо боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлөрү күтүлүүдө.
Сапардын алкагында президент Садыр Жапаров менен Михаил Мишустиндин жолугушуусу пландалган.

