Ажикеев Жалал-Абадда ӨКМдин куруучулары салып жаткан имараттар менен таанышты (видео)
Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Жалал-Абад облусунда ӨКМдин курулуш тармагы тарабынан курулуп жаткан мамлекеттик имараттардагы жумуштардын жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу бүгүн, 14-августта ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.Министр эгемендүүлүк майрамына карата пайдаланууга берилүүчү жаңы административдик имараттардагы курулуш иштерин жеринен көрүп, сапаттуу жана ыкчам бүткөрүү мезгил талабы экенин белгиледи.
Мындан сырткары Жалал-Абад шаарында 5 миң орундуу спорт сарайы, облустук оорукана жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын өздүк курамына жаңыдан салынып жаткан имараттардагы жумуштун ыргагы менен таанышып, сапатына өзгөчө көңүл буруу талабын койду.
Белгилей кетсек, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин курулуш тармагы акыркы 4 жылда бир топ ири курулуштарды өз мөөнөтүндө сапаттуу бүткөрүп келет.
өкм
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:07
2025-11-21
19:43
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















