Арасында кыргызстандыктар да бар... Египетте туристтик автобус кырсыкка кабылды
Египеттин Түштүк Синай провинциясында жол кырсыгында Орусия, Украина жана Кыргызстандын 39 жараны жабыркаганы кабарланды. Бул тууралуу провинция администрациясынын билдирүүсүнө таянуу менен РИА Новости жазды.
Буга чейин Египеттеги медициналык булак РИА Новостиге билдиргендей, жалпы 43 адам, анын ичинде 39 турист, автобус кырсыгынан жабыркаган.
"44 адамдын катышуусундагы туристтик автобус трассада жол кырсыгына кабылган… Кырсыктын натыйжасында бир орусиялык турист каза болду, 42 адам жабыркады, алардын 39у – Орусия, Украина жана Кыргызстандын жарандары", — деп маалымдады Түштүк Синай администрациясы. Ошондой эле жабыркагандардын ичинде үч египеттик бар экени кошумчаланды.
Ал эми окуя боюнча Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги маалымат бере элек.
