Түндүк Корея Конституциясына Түштүк Корея менен мамиле түзбөй турганын киргизет
Түндүк Корея бийлиги өзүнүн Конституциясына Пхеньяндын Сеул менен мамилени жакшыртууну каалабай турганын расмий түрдө киргизет. Бул тууралуу Ким Чен Ындын карындашы Ким Ё Чен билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.
Ким Ё Чен ошондой эле Түштүк Корея бийлигинин "жарашуу мезгилин" баштоого болгон аракеттерин кайрадан сынга алды жана муну "орундалбас кыял" деп атады.
"Бизди артка кайтууга багытталган сүйлөшүүлөр кызыктырбайт, биздин кызыкдар эместигибиз тууралуу комментарийлер керек эмес", — деди Ким. Ал кошумчалагандай, Пхеньян Сеулдун жакындашуу үчүн жасаган кадамдарына көңүл бурбайт.
Ал эми Түштүк Корея бийлиги Кимдин билдирүүсүнө жооп кылып, мамилени нормалдаштыруу үчүн аракеттерин уланта турганын билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:41
2025-08-14
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.