super.kg logo

Трамп Аляскадагы саммит ийгиликсиз өтсө, санкцияларды киргизе турганын айтты

 

АКШ президенти Дональд Трамп Аляскада Орусиянын президенти Владимир Путин менен болгон жолугушуусу натыйжа бербесе, санкцияларды киргизүүгө даяр экенин билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

"Анын кесепеттери абдан олуттуу болот", — деди Трамп.

Америкалык лидер келерки саммиттин ийгиликсиз болуу мүмкүнчүлүгүн 25 пайыз деп баалады.

Мындан мурда АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Вашингтон Украинанын аймагында тынчтык орнотуу үчүн бардык аракеттерди жасай турганын убада кылган.

Эске салсак, эртең,15-августта Алясканын аймагында АКШ президенти Дональд Трамп менен Орусия президенти Владимир Путиндин жолугушуусу өтөт. Бул 1988-жылдан берки АКШ менен Орусия президенттеринин Америкада өтө турган алгачкы жолугушуусу болот. Жолугушууда аймактарды алмашуу жана Киевдин НАТОго кирүүдөн баш тартуусу тууралуу талкуу болушу мүмкүн.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: