super.kg logo

Оштогу "Жылуулук камсыздоо" ишканасы жаңы имараттуу болду

 
Оштогу муниципалдык "Жылуулук камсыздоо" ишканасынын башкы имараты Анар кичи районундагы жаңы имаратка көчтү. Бул тууралуу бүгүн, 14-августта Ош шаарынын мэриясынан билдиришти.
Жаңы имараттын ачылышына Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов жана мекеме кызматкерлери катышты.
Маалым болгондой, имарат буга чейин Ош шаардык суу чарба башкармалыгына тиешелүү болгон. Жеңишбек Токторбаевдин тапшырмасынын негизинде бул имарат "Жылуулук камсыздоо" ишканасына берилип, толук кандуу капиталдык оңдоп-түзөөдөн өттү. Бардык зарыл шарттар түзүлдү.
Калаа башчы кызматкерлерге күжүрмөн эмгек каалап, алдыдагы жылытуу мезгилине мыкты даярдык көрүү тапшырмасын берди. Ошондой эле ишканага президент Садыр Жапаровдун атынан атайын техникалар тапшырылды.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: