super.kg logo

Президент мыйзамсыз делип бузулуп жаткан үйлөр тууралуу үн катты

 

Өлкө башычы Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине мыйзамсыз делген турак жайлардын бийлик тарабынан буздурулган учурлар боюнча кенен маек курду.

"Мен 2020-жылы өлкө башына келген кезде жерлерди мыйзамсыз басып алып, үйлөрдү салып алган жарандарыбыздын көйгөйлөрү менен иш баштагам. 2005-жылкы ыңкылаптан бери жерлерди өзүм билемдик менен басып алышып үйлөрдү салып алып жашап жаткан жарандарыбыз он миңдеген түтүн экен. Айыл-айыл болуп кетишиптир. Көбүн эсе Ош менен Бишкек шаарларынын тегереги экен. Колдорунда кызыл китептери жок. Жашап жаткан даректери боюнча каттала алышпайт. Балдарын мектепке же бала бакчага бере алышпайт. Шайлоолорго катыша алышпайт. Деги койчу, иши кылса адам катарына кошула албай жүрүшкөнүн айтып, даттанып келип жүрүштү.

Анан иликтеп көрүп мындай чечим чыгардым: "2021-жылга чейин үй салып алып жашап келген жарандарыбыздын үйлөрүн мыйзамдаштырып берели, мындан ары жер басып алып үй салгандардын эч кимисине эч кандай "уступка болбойт" деп мунапыс жарыяладым. Ошентип, 15 жылдан бери айыл-айыл болуп жашап жаткандардын үйлөрүн мыйзамдаштырып бердик.

Андан кийин эмне болду дебейсизби? Жергиликтүү бийликтегилерге да, алар менен чогуу иш кылган шылуундарга да кудай берди. Жергиликтүү бийлик бош жаткан жерлерди мурда берилип кеткен кылып үйлөрдү салганга шарт түзүп беришти. Албетте, чөнтөк кызыкчылыктары үчүн. Шылуундар болсо жасалма документ менен карапайым элди алдап сатып ийген фактылар аныкталды.

Кийин баары кармалып, камалышты. Мисалы Аламүдүн районунун акими жана башка орто чиновниктер, шылуундар камалышты. Мындай мисалдар көп. Анан "шустрый" жарандарыбыз пайдубалын куюп, айрымдары дубалын көтөрүп, алды чатырын жаба салышып, мен мурда эле кургам деген шылтоо менен "акыры мыйзамдаштырып берет да" деген максат менен ар кандай курулуштарды кура салгандар көп. Албетте, арасында чынчыл жарандарыбыз да болушу мүмкүн. Бирок, көпчүлүгү 2021-жылдан кийин үй же болбосо ар кайсы багыттагы күркөлөрдү сала калгандар.

Эгер биз алардын баарын мыйзамдаштыра берсек, анда көндүм адат болуп бара-бара айдоо жерлерибиз калбай калат. Өзүбүздү өзүбүз тамак-аш менен камсыз кыла албай башка өлкөлөрдүн көзүн карап калабыз. Ансыз деле бүгүнкү күндө айрым тамак-аштын түрлөрү боюнча өзүбүздү өзүбүз камсыз кыла албайбыз.

Ошондуктан учурдан пайдаланып, ар бир жараныбызга кайрылат элем. Айдоо жерлерибизди басып алып, ар кандай курулуштарды салганды токтотуңуздар. Айрымдарыңыздарда турак жай маселеси курч тургандыгынан кабарым бар. Ошол үчүн Мамлекеттик ипотекалык компанияга өзгөчө көңүл бурулууда. Анын шарттарын болушунча ийкемдүү кылуудабыз. Үй салчу жерлерибизге эң жок дегенде көп кабаттуу үйлөрдү салалы. Бир киши батчу жерге он кишини батыралы. Бизден кийин да урпактарыбызга жашоо бар экенин унутпайлы.

Мен дайыма "үйү снос" болуп жаткан жарандарыбызды талаада калтырбагыла, МИКтен кезексиз үй бергиле деп мэрлерге айтып жатам. Эгер чындап эле үйү "снос" болуп жаткан жарандарыбыздын башка жакта жашоого мүмкүнчүлүгү жок болсо, МИКтен үй беребиз. Эгер мен жогоруда айткандай эптеп эле жерге ээ болуп калайын дегендер болсо, алар деле тез эле аныкталып калат.

Алардын бетин ачабыз. Өлкөбүздө тартип болуш керек. Тартип болбогон өлкө өнүкпөйт. Андай өлкөдө башаламандык боло берет. Ошто суу каналынын үстүнө үй салып алышыптыр. Суунун шлюзун көтөрүп-түшүрүш үчүн кимдир бирөөнүн үйүнө кирип үйүнүн ичинен иштешиң керек экен. Бул эмне деген акмакчылык? Мындай көрүнүш бир дагы башка өлкөдө болбосо керек",- деди президент.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: