Сербиядагы митинг: 42 полиция кызматкери жаракат алды
Сербиядагы нааразычылык акцияларынын жүрүшүндө кеминде 42 полиция кызматкери жаракат алды, алардын ичинен 26сы Белград шаарында. Бул тууралуу 15-августта республиканын ички иштер министри Ивица Дачич билдиргенин чет элдик басылмалар жазышууда.
Учурда 37 киши кармалганы белгилүү болду. Тартип сактоо органдары нааразычылык акцияларына чыккандарды токтотуу боюнча чараларды улантууда.
Дачич учурда Белграддагы абал тынч экенин айтты, бирок өлкөнүн айрым башка аймактарында дагы деле полиция кызматкерлерине жана Сербиянын прогрессивдүү партиясынын (СПП) имараттарына кол салуулар уланууда.
Сербиянын президенти Александр Вучич кечээ, 14-августта билдиргендей, нааразычылык акцияларында митингге чыккандар СППнын кеңсесин талкалашкан. Ал ошондой эле мамлекет өз милдетин сөзсүз аткарат жана нааразычылык акцияларын токтотот деп ишендирди.
Ошол эле күнү Аскердик коопсуздук агенттигинин директору Джуро Йованич билдиргендей, башаламандыктын айынан жети аскер кызматкери жаракат алып, алардын төртөөсүнүн абалы оор.
Өкмөткө каршы нааразычылык акциялары 2024-жылдын ноябрында Нови-Сад шаарындагы темир жол бекетинин урап түшүп,15 адамдын каза болушунан кийин башталган. Нааразычылыкка чыккандар көпүрөлөрдү жана жолдорду тосуп салышкан.
