super.kg logo

Испания: Израилдин "E1" планын илгерилетүү чечими - эл аралык мыйзамды бузуу

 

Испаниянын тышкы иштер министри Хосе Мануэль Альбарес Израил бийлигинин "E1" отурукташуу планын илгерилетүү чечимине байланыштуу билдирүү таратты. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Израил өкмөтүнүн Батыш Иорданияда 3 миң турак үй куруу чечими - эл аралык мыйзамды дагы бир жолу бузуу болуп саналат",- деп билдирди ал.

Альбарес Израилдин каржы министри Бецалель Смотричтин Чыгыш Иерусалимдеги палестиналыктардан тартып алынган аймактарды кеңейтүүчү "E1" долбоорун бекитүү ниети тууралуу билдирүүсүнө АКШдагы X социалдык тармагындагы баракчасы аркылуу жооп кайтарды.

"Бул чечим тынчтыкка алып бара турган жалгыз жол болгон эки мамлекеттүү чечимдин ишке ашуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарат. Биз отурукташуу аймактарынын кеңейишин айыптайбыз",- деп жазды ал.

Смотрич "Палестина мамлекети" деген түшүнүктү жоготуу максатында, оккупацияланган Чыгыш Иерусалимдеги палестиналыктардан тартып алынган аймактарды кеңейтүүчү "E1" долбоорун бекитүү ниети бар экенин айткан.

Израилдин Жарандык администрациясынын Жогорку пландоо кеңеши 20-августта "E1" долбоору боюнча 3 401 мыйзамсыз турак жай куруу планын акыркы бекитүү үчүн чогулат.

Смотричтин бул билдирүүсүнө Европа Биримдиги да нааразычылык билдирген. ЕБнин тышкы саясат жана коопсуздук боюнча жогорку өкүлү Кая Каллас бул тууралуу билдирүү жасаган.

"Израил бийлигинин "E1" отурукташуу планын илгерилетүү чечими эки мамлекеттүү чечимди ого бетер алсыратуу менен катар эл аралык мыйзамды да бузат. Эгер ишке ашса, бул аймакта турак жай куруу - оккупацияланган Чыгыш Иерусалим менен Батыш Иорданиянын ортосундагы географиялык жана регионалдык байланыштарды түбөлүккө жок кылат, ошондой эле Батыш Иорданиянын түндүгү менен түштүгүнүн ортосундагы байланышты үзөт",- деп жазылган билдирүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: