super.kg logo

Садыр Жапаров Ата түрк паркына үй салып алгандар менен "Ынтымак-Ордодо" мунасага келишкенин айтты

 

Өлкө башчы Садыр Жапаров "Кабар" агентигине берген маегинде Бишкектеги Ата түрк паркына үй салып алгандарга талап коюлганын, ошол эле учурда тандоо берилгенин айтты.

Президенттин айтымында, алар эс алуу багын оңдоого макул болбосо үйлөрү буздурулмак.

"Ата түрк паркына 2005-жылы үй куруп алышкан. Биз алардын баарын жазында "Ынтымак-Ордого" чогултуп, паркты карапайым калк үчүн эң жогорку деңгээлде оңдоп бергиле же үйлөрүңөр "снос" болот деген маселени койгондо алар паркты оңдоп бергиле деген талапты тандашкан. Паркты эң жогорку деңгээлдеги бак кылып жасаш үчүн 500 миллион сомдун тегерегинде акча жумшалат экен.

Алар бүгүнкү күндө 100 миллион сомдун тегерегинде акча чогултуп бүтүп калышты. Кудай буюрса, ал жер эң жогорку деңгээлдеги парк болуп жасалат. Ал паркты ошол тегеректе жашаган карапайым элибиз эле бала-чакасы менен колдонушат",- деди Жапаров.

Буга чейин Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев аталган сейил бакка курулган турак үйлөр бузулбай турганын, алардын ээлери паркты өнүктүрүүгө каражат беришерин билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: