super.kg logo

Израил Иранды жаңы чабуулдары менен коркутту

 

Израилдин Башкы штаб жетекчиси Эйал Замир зарыл болгон учурда Иранга жаңы чабуулдарды баштай турганын эскертти. Бул тууралуу Yedioth Ahronot гезити жазды.

Маалыматка ылайык, Замир Тель-Авивдеги Глилот аскер базасында өткөн салтанатта Израил Иранга кайрадан сокку урууга даяр экенин айткан.

Бул билдирүү Иран Улуттук коопсуздук жогорку кеңешинин төрагасы Али Лариджани Израилди "жырткыч жаныбарга айланды" деп сындагандан бир күн өткөн соң жасалды.

Замир Израил армиясы Иранды, Ливандагы "Хезболла" жана Йемендеги Иран колдогон хусилерди бутага алганын айтып, "керек болсо кайра чабуулга даярбыз" деди. Ал июнь айында 12 күнгө созулган Израил-Иран кагылышын "коркунуч чыныгы кооптуулукка айланбай туруп жок кылуу үчүн алдын алуу согушу" деп мүнөздөдү.

Эске салсак, Лариджани Бейруттагы жолугушууларда Израилдин Ливанга чабуулдарын сынга алып, "Израил бүгүн жырткыч жаныбарга айланды, ал эми "Хезболла" ошол жаныбарга каршы турууда" деген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: