super.kg logo

Чыгармачылыкка дем: Teach for Kyrgyzstan жана Яндекс Go балдар үчүн кантип чыгармачылык фестивалды өткөрдү

 

Жазында "Ала-Тоо" кинотеатрында Кыргызстандын чыгармачыл индустриалдык Ассоциациясы тарабынан CREATE4 фестивалы уюштурулуп, ал аншлаг менен өткөн.

Тандалма иштердин ичинен чыгармачыл ийримдин алкагындагы Чүй облусунун мектеп окуучулары тарабынан тартылган кыска метраждуу тасмалар жана анимациялар чоң экрандан көрсөтүлүп, аны "Teach for Kyrgyzstan – Заманбап мугалим" программасынын катышуучулары ишке ашырган. Бул катышуучулар - жөн гана мугалимдер эмес, билим берүү тармагындагы коомдук ишкерлер, лидерликтин, критикалык ой жүгүртүүнүн жана чыгармачылыктын айланасында билим берүүнү кураштырган жарамандар.

Яндекс Go сервисинин "Жоомарт ноябрь" акциясынын натыйжасы менен фестивалга облустук мектептердин окуучуларынын катышуусу мүмкүн болуп, анын алкагында өлкөнүн кайрымдуулук уюмдары каржылык колдоого ээ болушту.

Балдардын дараметин кантип ачуу керек, эмне үчүн мектеп окуучулары өздөрүн креативдүү кесиптерде сынап көрүшү маанилүү жана бул иште бизнес кандай роль ойной ала тургандыгын Teach for Kyrgyzstan программасынын башкы директору Асел Бектенова айтып берди.

"Биздин максат - балдарды өзүнө жана өз идеяларына болгон ишенимин арттыруу"

- Асель, CREATE4 фестивалы жана Teach for Kyrgyzstan миссиясы тууралуу айтып берсеңиз.

- Биз 60тан ашык өлкөдө демилгелерди бириктирген Teach for Kyrgyzstan дүйнөлүк эл аралык түйүндүн бир бөлүгүбүз жана биз ар бир баланын, анын туулган жерине карабастан, толук жана шыктандыруучу жашоодо бирдей мүмкүнчүлүккө ээ болуп жашашы үчүн иш алып барабыз. Биздин максат – аймактык мектептерде иштөөгө даяр жана балдарда критикалык ой жүгүртүүнү, кыялданууну жана өзүнө болгон ишенимди өстүрүүнү өрчүтө алган, ар кайсы тармактагы жаш, шыктанган лидер мугалимдердин коомчулугун түзүү болуп саналат. Бул жөндөмдөр креативдүү экономиканы калыптандыруу үчүн өтө маанилүү.

Кыргызстанда жаратмандарды биринчи жолу 2024-жылы кабыл алуу болгон. 2025-жылдын жазында CREATE4 фестивалына катышууга аймактык мектептерден жүздөн ашык бала тартылган. Алдыңкы мугалимдер чыгармачылык воркшоп, квест, викториналарды уюштурушуп, чеберлер-классын өткөрүү үчүн кино тармагындагы кесипкөй адистерди чакырышкан. Фестиваль Эл аралык чыгармачылык жумалыктын алкагында өткөрүлүп, ал киноисскуствого арналган.

Чүй областынын айылдарынан келген 5-9-класстын окуучулары бул чеберлер-классынын жана воркшоптун жардамы менен өздөрүнүн тасмаларын тартышып, фестивалдын экинчи күнүндө Кыргызстандагы эң улуу «Ала-Тоо» кинотеатрынын экранынан көрсөтүштү. Эң мыкты эмгектер байгелер менен сыйланды.

Айтматовдун каармандары, туулган айыл жана жөнөкөй элдин жашоосу жөнүндө

- Фестивалдагы кайсы чыгармалар өзгөчө эсте калды?

Тасмалардын баары сонун болду. Мисалы, Чым-Коргон айылынын окуучулары улуу жазуучунун чыгармаларынан шыктануу алышып “Айтматовдун кайра жаралган каармандары” тасмасын тартышкан. Турсуматов атындагы Бер-Булак мектебинин окуучулары өздөрүнүн айылы жана мектеби тууралуу “Тарых объективде” кинодолбоорун түзүшүп – тасманы тартууга бүтүндөй айыл катышкан.

Ал эми Орловкадан келген балдар кадимки уюлдук телефонго тартылган сүрөттөрдүн көргөзмөсүн даярдашты. Бул эмгектер алгач Бишкектеги CREATE4 фестивалында, андан кийин мектепте, кийинчерээк Орловкадагы шаардык көргөзмөдө көрсөтүлгөн. Шаар мэри, сүрөтчү Аман Койшыбаев көргөзмөнү өзүнүн сүрөттөрү менен толуктай тургандыгын билдирген.

Ой толгоодон экранга чейин: картина кантип жаралган

- Мектеп окуучуларынын дебюттук долбоорлорун иштеп чыгууга ким жардам берип, фестивалга катышууга салымын кошту?

- Биздин жараатман мугалимдерибиз мектептерде чебер-класстарды өткөрүү үчүн режиссёрлорду, монтажерлорду, актёрлорду жана башка кино адистерин тартышкан. Съёмка үчүн реквизиттер жана мектеп окуучуларынын Бишкекке барып келиш сапары Яндекс Goнун “Жоомарт ноябрь” акциясынын алкагында чогултулган каражаттын эсебинен уюштурулду.

Өткөн жылы Teach for Kyrgyzstan уюму бул кайрымдуулук демилгеге катышкан беш коммерциялык эмес уюмдун бири болгон. Акциянын жыйынтыгында компания катышуучу-фонддорго 1 миллион сомдон ашык каражат которгон. Биз өз үлүшүбүздү учурдагы муктаждыктарга эмес, туруктуу натыйжа жаратуу үчүн фестивалга даярданууну багытоону туура таптык. Жыйынтыгы бизди да, балдарды да шыктандырды. Фестивалга катышкандан кийин көптөгөн балдар жаңы долбоорлорду иштеп чыга башташты. Бул алардын өнүгүшүнө чындап эле түрткү берди.

Мектеп босогосунан эле кесип менен

- Мындай долбоорлорго катышуу балдардын келечегин чечүүгө жардам берет деп ойлойсузбу?

- Албетте, дал ушул биздин алдыга койгон негизги тапшырмаларыбыздын бири. Биз балдар бешинчи класстан эле келечектеги заманбап кесипте өздөрүн сынап көрүшүн каалайбыз. Кээ бирөөлөр режиссёрлукка, айрымдары фотографияга кызыгып жатса, дагы бири SMM тармагында алгачкы кадамдарын таштап жатат.

Биз чыгармачыл коомчулуктун өкүлдөрүн аймактагы пилоттук мектептерге келип, тажрыйба алмашууга, шыктандырууга активдүү катышууга чакырабыз. Анткени, балдарда тандоо болушу керек: базарларда соода кылуу же акча табуу үчүн чет өлкөгө чыгып кетүү зарыл эмес да. Заманбап чыгармачыл кесипти тандап, аны мектеп курагынан өздөштүрүп баштаса болот.

- Мындай демилгелерге бизнестин катышуусун кандай баалайсыз? Бул эмнеси менен маанилүү?

Бул жөн эле социалдык жоопкерчилик жөнүндөгү иш эмес. Биз тереңирээк трансформация — системалык өзгөрүүлөр жөнүндө айтып жатабыз. Аны биргелешкен аракет менен, окутуунун жаңы ыкмаларын жайылткан, ар бир баланын дараметин көрө билген, аны ачууга көмөктөшкөн жаңычыл мугалимдердин жардамы менен гана ишке ашырууга болот. Биздин модель биздин жаратмандар аркылуу бизнес тарабынан түшкөн кандайдыр бир салым бир нече эсе ашыгы менен көбөйөт деп болжолдойт. Мисалы, биринчи жылы эле биздин 27 жаратманыбыз айыл мектептеринен 5278ден ашык баланы окутту.

Бизнес, өзгөчө кадрлардын жетишсиздигинин шартында - чыгармачыл, көз карандысыз, талдай алган, коммуникацияны куруп жана идеяларды ишке ашыра алган адистердин жаңы муунунун пайда болушуна абдан кызыкдар. Мындай көндүмдөрдү жаш кезинен эле калыптандырууга болот.

Мындай демилгелерди колдоо – бүтүндөй өлкөнүн келечегине болгон салым болуп саналат. Эл - ар бир ийгиликтүү компаниянын негизги ресурсу. Эгерде биз прогрессивдүү коомду көргүбүз келсе, балдардын билим алуусуна, өнүгүүсүнө инвестиция салышыбыз зарыл.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: