Эмгек министрлигинде кадрдык өзгөрүүлөр орун алды



Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция минситринин орун басары болуп Айнура Орозбаева дайындалды. Бул тууралуу министрлик билдирүү таратты.
Анда айтылгандай, тиешелүү тескемеге өкмөт башчысы Адылбек Касымалиев кол койду.
Ошондой министрликке караштуу Майыптыгы бар адамдарды реабилитациялоо борборунун директору болуп Рысбай Сейдалиев дайындалды.
Министр Равшанбек Сабиров жаңы жетекчилерди эмгек жамаатына тааныштырып, аларга ийгиликтерди жана жемиштүү ишмердүүлүктү каалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

