Лавров Аляскага "СССР" деген жазуусу бар свитшот менен барды (видео)
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Аляскага "СССР" деген жазуу түшүрүлгөн жемпир кийип барды.
Унаадан түшүп мейманканага кирип бара жатканын чет элдик басылмалар видеого түшүрүп жетишишти. Лавров журналисттерге бул аймакта буга чейин болгонунун билдирди.
Айта кетсек, бүгүн, 15-августта Орусиянын президенти Владимир Путин менен АКШнын лидери Дональд Трамптын Аляскада жолугушуусу болот. Орусия менен Украинадагы кырдаал күчөгөндөн бери Путиндин АКШга болгон алгачкы сапары.
Маалымат үчүн: Аляска - АКШнын эң түндүк-батышында жайгашкан. Аймак 1959-жылы, АКШнын 49-штаты болуп кабыл алынган. Ага чейин Орусияга таандык болгон. 1867-жылы АКШ Орусиядан Алясканы 7,2 миллион долларга сатып алган. Алгач мааниси жок деп саналган, кийин табигый ресурстар табылып, чоң экономикалык мааниге ээ болгон.
15.08.25
