Эки-Нарындагы кулаган көпүрө: Интернетте жол белгиси талкуу жаратууда
Социалдык тармактарда Нарын районундагы Эки-Нарын айылында кулаган көпүрөгө алып барган жолдогу жол белгисинин сүрөтү тарап, талкуу жаратууда.
Анда интернет колдонуучулары жол белгинин жаңы сырдалып, баштагыдан өзгөрүп калганын жазышууда. Алар белгилегендей, аталган жол белгиси мурда саатына 40 чакырымдан ашууга болбостугун көрсөтүп турган. Бирок аны оңдоп, 10 тоннадан ашык жүк менен өтүүгө болбойт деген чектөөгө алмаштырып коюшкан.
Буга чейин Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тараткан билдирүүдө эки жыл мурун көпүрөдөн 10 тоннадан ашык жүк ташыган унаалардын өтүүсүнө тыюу салынганы айтылган.
Эске салсак, 13-августта Эки-Нарын айлынын Нарын шаары жана башка аймактар менен байланыштырып турган көпүрө кулаган.
SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" бөлүмүнө аталган айылдын тургундары Нарын дарыясынан алып өтчү көпүрө кулаганын билдиришкен.
Жергиликтүү тургундар көпүрөгө көп жыл болгонун, эскилиги жетип авариялык абалда турганын айтышып, көпүрө мектептин курулушуна арматура жеткизүүгө бара жаткан жүк ташуучу унаа өтүп бара жатканда кулаганын белгилешкен.
Алар убагында тургундардын кайрылуусуна карабай жергиликтүү бийлик тарабынан көпүрөнү оңдоо иштери жүргүзүлбөй келгенин айтышкан.
Бүгүн, 15-августта Ички иштер министрлиги сууга кулаган жүк ташуучу унаанын айдоочусунун сөөгү Нарын облусунун Ак-Кыя аймагынан табылганын маалымдады.
