super.kg logo

Таласта кызмат адамынан опузалап акча талап кылган жаран кармалды

 

Таласта кызмат адамынан опузалап акча талап кылган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-августта Талас ОИИБинин басма сөз кызматы SUPER.KG порталына билдирди.

Маалым болгондой, милицияга Бакай-Ата районунун 61 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Анда Чолпонбай аттуу жаран шериктери менен арыз ээси кызматта турган учурда, кызматтан кетирүү максатында куру дооматтарды коомчулукка таратып, резонанс жаратуу менен коркуткандыгы белгилүү болду. Арыз ээсинен системалык түрдө опузалап акча каражаттарын талап кылып, ал кызматтан кетүүгө аргасыз болгон.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап талап кылуу) менен катталып, кылмыш иши козголду. Натыйжада Бакай-Ата районунун тургуну 1975-ж.т. Р.А. кармалып, Талас райондук соту тарабынан баш коргоо чарасы каралып, камакка алуу бөгөт чарасы тандалган.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө Р.А. арыз ээсинен 300 миң сом опузалап 100 миң сом алгандыгы жана бир нече кыймылдардын, коомдук фонддордун мүчөсү болгондугу аныкталган.

Милиция шектүүдөн жабыркагандар 0501 71 71 20 номерине кайрылса боло тургандыгын билдирди. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.






15.08.25

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: