super.kg logo

Кадамжайда зордукталган 15 жаштагы кыз. Тергөөчүлөр пара менен кармалды (видео)

 

Баткен облусунун Кадамжай РИИБинин тергөөчүлөрү пара алып кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-августта УКМКнын маалымат борбору билдирди.

Маалым болгондой, май жана июль айларында Кадамжай районунун аймагында 15 жаштагы кыз бир нече жолу сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттерине дуушар болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн. Жабырлануучунун атасы кылмыш фактылары боюнча милицияга кайрылган. Тергөө амалдары Кадамжай РИИБинин тергөө кызматына жүктөлгөн. Бирок тергөөчү Т.А., Исхак-Полотхан айылдык милиция бөлүмүнүн башчысы Н.С. жана аймактык милиция кызматкери Ш.Ж. менен ич ара бүтүмгө келишип, 1 миллион сом пара алуу менен шектүүлөрдү кылмыш жоопкерчилигине тартуудан бошотууга макул болгон.

10-августта Ички иликтөө кызматкерлеринин көмөгү менен жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында үч шектүү кармалып, тинтүү учурунда 200 миң сом акча каражаты табылды. Ал эми тергөөчү Т.А.нын иш бөлмөсүнөн жабырлануучу менен арыз ээсинин алгачкы көрсөтмөлөрү өзгөртүлүп, кылмыш ишин козгоодон баш тартуу боюнча каршы көрсөтмөлөрдү, тосмо арыздарды камтыган тергөө материалдары алынды.

Мындан тышкары А.А. аттуу жаран кызмат адамына пара берүү боюнча шектүү катары кармалды.

Азыркы учурда айыпталуучулар кармалып, тергөө абагына киргизилди. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренесинин 3-бөлүмү 1-пункт жана 345-беренесинин 3-бөлүмү боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.






Кадамжайдын милициялары пара менен кармалды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: