АКШнын истребителдери Путиндин учагын коштоду (видео)
Аляскада өткөн сүйлөшүүлөрдөн кийин АКШдан Орусияга кайтып бара жаткан Владимир Путиндин учагын америкалык F-22 аскердик учактары коштоп жүрдү. Бул тууралуу Кремль билдирди.
Ошондой эле Путин Анкоридждеги Эльмендорф-Ричардсон бирдиктүү аскер базасына келгенде, АКШнын Аскер-аба күчтөрү тарабынан расмий түрдө тосуп алынган.
Анда асманда "B-2 Spirit" бомбалоо учагы төрт "F-35 Lightning II" истребителдери менен кошо учуп өткөн.
Белгилей кетсек, АКШнын 49-штаттында Путин менен америкалык лидер Дональд Трамптын сүйлөшүүсү өттү. Ал 2 саат 45 мүнөткө созулду. Андан кийин журналисттерге эки лидер чыгып маалымат берди.
Путиндин учагын коштогон истребителдер
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:45
2025-08-16

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.