Жер төлөсүн суу каптап, дубалы урап... Бишкектин мэри 2004-жылы курулган №85 мектепке барды (видео)
Бүгүн, 16-августта Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Бакай-Ата конушунун тургундары менен жолугушуп, шаардыктардын өтүнүчү менен жаңы окуу жылына карата даярдыктын жүрүшүн көзөмөлдөө үчүн №85 мектепке барды.
Тургундар 2004-жылы курулган мектептин жер төлөсүн суу басып, кире беришиндеги таштапандар оодарылып калганын көрсөтүштү. Ошондой эле мэр дубалдары урап жатканына күбө болду.
Калаа башчысы мектеп директору менен жолугуп, мугалимдер өз аракети менен мектепти ремонт кылып жатканын укту. Анткени берилген каражатты үнөмдөө керек болгон.
Жунушалиев жеринде бир топ жетекчиге тапшырма берип, окуу жылы башталганча билим уясынан кетпей иш алып барууну талап кылды. Ошондой эле мектепти курган подрядчы компания боюнча маалыматты тактоо тапшырмасы да берилди.
Мектептин абалы

