"Кырдаал оор..." Пакистанда жаратылыш кырсыгынан 48 саатта 300дөн ашуун адам каза болду (видео)
Акыркы 48 саат ичинде Пакистандын түндүк-батышындагы Хайбер-Пахтунхва провинциясында катуу жааган жамгырга байланыштуу кырсыктардан жалпы 307 адам каза болуп, ондогон адамдар жаракат алышты.
Чет элдик ЖМКлардын маалыматы боюнча, каза болгондордун болжол менен 90,6 пайызы күтүлбөгөн селден улам, ал эми 6,4 пайызы чатырдын урашынан каза болушту.
Куткаруу кызматтарынын маалыматына ылайык, катуу жааган жамгырлар, капысынан келген сел жана чагылган 11 райондо олуттуу зыян келтирип, бир нече адам дайынсыз жоголгон жана ири кыйроолор болгон.
"Ондогон адамдар урандылардын алдында калып, дагы көбү селге агып кеткен. Куткаруучулар жабыркагандарды жана каза болгондордун сөөгүн урандылардын арасынан чыгарып жатышат. Райондогу кырдаал абдан оор бойдон калууда", - деп айтылат маалыматта.
Кошумчалангандай, 26-июнда муссон сезону башталгандан бери Пакистандын аймагында жаан-чачынга байланыштуу кырсыктардан 634 адам каза болуп, дагы 768и жаракат алган.
Пакистандагы сел

