super.kg logo

Бузулган протокол... Аляскада Путин Трамптын унаасына эмнеге отургандыгы айтылды

 

Орусия менен АКШнын президенттери Владимир Путин жана Дональд Трамп Анкоридждеги саммит учурунда аэропорттон бир унаада кетишти. Бул жагдай алдын ала пландаштырылган эместигин чет элдик басылмалар билдиришүүдө.

Жеке булактардын айтымында, аэропорттогу жолугушуунун сценарийи боюнча, эки лидер тең өз унаалары менен кетиши керек болчу. Ал үчүн Путинге Aurus үлгүсүндөгү Лимузини алып барылган. Ал эми Трамп — Cadillac унаасында жалгыз кетмек.

Бирок расмий салтанат пландалгандай өткөн жок. Алгач лидерлер сүрөткө чогуу түшүү үчүн постаментке эки жактан эмес, чогуу көтөрүлүшкөн. Андан соң күтүүсүздөн АКШ президенти Дональд Трамп Орусия президенти Владимир Путинди өз унаасына чакырган. Путин бул сунушту дароо кабыл алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: