super.kg logo

Трамп, Путин жана Зеленскийдин жолугушуусу боло турган болжолдуу дата айтылды

 

АКШнын президенти Дональд Трамп Орусиянын лидери Владимир Путин жана Украинанын башчысы Владимир Зеленский менен үч тараптуу саммит өткөрүүнү каалап жатканын билдирди. Бул саммитти ал 22-августта өткөрүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал украиналык кесиптеши жана бир катар европалык лидерлер менен телефон аркылуу сүйлөшүү маалында айтканын Axios порталы эки ишенимдүү булагына таянып жазды.

Бул аралыкта Европалык союз Трамп менен Путиндин саммитинен кийин Украинаны колдоо улантыларын жана Орусияга каршы санкциялык басым күчөтүлөрүн билдирген.

16-августта ЖМКлар Трамп менен болгон жолугушууда Орусия президенти кандай шарттарды койгону белгилүү болгонун жазышты. Маалыматтарга караганда, Москва Донецк облусунун толук көзөмөлүн алуу шарты менен Запорожье жана Херсон облустарындагы фронттук линияны тоңдурууну сунуш кылган. Мындан тышкары, Путин Украинанын куралдуу күчтөрү Луганск облусунан чыгып кетиши керек деген талап койгон.

The New York Times жазгандай, Трамп Украинанын жана анын европалык союздаштарынын позициясынан четтеп, Путиндин тынчтык келишимин түзүү сунушун колдоду. Бул, гезиттин баамында, Орусияга сүйлөшүүлөрдө артыкчылык берет жана Аляскадагы саммитке чейин Трамп, европалык лидерлер жана Зеленский макулдашкан стратегияга каршы келет.

Axios порталы билдиргендей, Киев Трамптын убактылуу ок атышууну талап кылуудан капысынан баш тартканын түшүнбөй жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: