super.kg logo

Жеңиш чокусунда италиялык альпинист каза болду. Коргоо министрлиги куткаруу иштерин улантууда

 

Кечээ, 16-августта Жеңиш чокусунан түшүү учурунда Германия жана Орусиядан келген эки альпинист жарандары жаракат алып, Италиянын жараны каза болду. Бул тууралуу Коргоо министрлиги SUPER.KG порталына билдирди.

Маалым болгондой, аларды эвакуациялоо үчүн "Ак-Сай Трэвэл" ЖЧКсына караштуу 6 куткаруучу жана учкучтар тобу менен Ми-8МТВ тик учагы жөнөтүлгөн. Бирок тик учак тоолуу шартта жана татаал аба ырайынын айынан катуу конууга мажбур болду. Экипаж мүчөлөрү жана куткаруучулар аман калып, ар түрдүү жаракат алышты. Алардын абалы жашоого коркунуч жаратпайт.

"Окуя болгон замат Коргоо министрлиги тиешелүү кызматтар менен биргеликте куткаруу операциясын уюштурган. Ми-17ВМ тик учагы куткаруу жана эвакуация иштерин жүргүзүү үчүн жөнөтүлүп, ал саат 12:52де окуя болгон жерге жеткен. Күндүн аягына чейин Ми-17ВМ тик учагы бардык жабыркагандарды Каракол шаарынын аэропортуна жеткирип, алар андан ары ооруканага жөнөтүлгөн. Ошондой эле Түндүк Эңилчек тилкесиндеги 13 куткаруучу "Чар-Кудук" лагерине жеткирилген. Жабыркагандардын абалы канааттандырарлык. Аба ырайынын кескин начарлашы жана түн кирип калгандыгына байланыштуу 16-августта бардык учуулар жана эвакуация иштери убактылуу токтотулган", - деп айтылат маалыматта.

Министрлик кошумчалагандай, бүгүн, 17-августта калган альпинисттерди куткаруу жана эвакуациялоо иштери улантылууда. Ошондой эле окуянын себептерин аныктоо жана тик учактын техникалык абалын баалоо боюнча адистер өз иштерин жүргүзүшөт.

Айта кетсек, кечээ, 16-августта Жеңиш чокусуна альпинисттерди куткарууга барган тик учак авариялык конуу жасагандыгы айтылды.






Коргоо министрлиги

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: