МамДумада эмгек мигранттарга үй-бүлөсүн Орусияга алып барууга тыюу салуу сунушталды
Эмгек мигранттары Орусияда үй-бүлөсүз иштеп, келишим бүткөн соң мекенине кайтып кетиши керек. Бул тууралуу 17-августта "Справедливая Россия - За правду" партиясынын лидери, Мамлекеттик Думанын депутаты Сергей Миронов билдиргенин чет элдик басылмалар жазышууда.
"Эгер чындап эле кайсы бир аймактарда мигранттар жумушчу күч катары керек болуп жатса, макулдук берели. Бирок көп аймактар алардан баш тартып, эч нерсе болгон жок. Эгер такыр болбой жатса, анда үй-бүлөсүз келишсин. Келди, иштеди, акчасын алды, кетти", - деп бөлүштү ал ТАСС агенттигине.
Миронов бул чара Орусияда бала бакчалар жана мектептер үчүн орун жетиштүү болушуна өбөлгө түзөт деп белгиледи.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:50
2025-08-17

9:35
2025-08-17

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.