super.kg logo

"Колуңарга бир нерсе жугуп калабы?" Садыр Жапаров тазалык боюнча кайрылуу жасады (видео)

 
Бүгүн, 17-августта президент Садыр Жапаров социалдык түйүндөгү баракчасына видео киргизип, тазалык тууралуу билдирүү жасады.
Өлкө башчысы Ысык-Көлдүн жээгин жөө кыдырып, бир метр таза жер жок экендигин билдирди.
"Болгону бир километр жээкти видео тасмага тартып алдым. Өзүңүздөр көрүп тургандай бир метр таза жер жок. Жээктин баары таштандыга толуп кеткен. Анысы аз келгенсип унаалар менен көлгө чейин кирип алышкан. Көлдүн жээгине 100 метрге чейин кирбеш керек деген эрежени билишпейт. Абдан өкүнүчтүү. Ысык-Көл бизге бүгүн эле керектей колдонобуз. Тартипсиздер менен баарлашып көрүп, 20-30, 40-50 жылдан кийин да урпактарыбызга таза табият керек деген нерсе бир дагы жараныбыздын оюна келбей турганын билип абдан өкүндүм.
Жээктеги тартип бузган, таштанды таштаган, унаа менен көлдүн ичине чейин кирип алган эс алуучулардын 100 пайызы өзүбүздүн жарандар экен", - деди президент.
Жапаров бул билдирүү бир эле Ысык-Көлгө гана эмес, бардык эс алуучу жайларга тиешелүү экендигин айтып, келечек муунга да жаратылыш керек экендигин эскертти.
"Урматтуу кыргызстандыктар, келгиле табиятыбызды таза сактайлы! Өзүңөрдүн таштандыны өзүңөр жыйнай кетсеңер колуңар сынып калбайт го акыры. Табият силерге бүгүн эле керектей колдонбогула да. Бизден кийинки муундарга да табият керек экенин унутпагыла. Эң жок дегенде эс алуудан кетип атканда таштандыны карап туруп “эртең ушул жерге балам, неберем, чөбөрөм келип олтурат го, тазалап кетейинчи” деп тазалап кетсеңер колуңарга бир нерсе жугуп калабы? Бүгүн сен олтуруп таштанды таштап, чочко сарай кылып кеткен жерге эртең балаң, неберең келип олтураарын эстен чыгарба. Ошолор келип сен таштап кеткен таштандыга олтурганда кандай абалда болоорун элестет. Бул кайрылуум бир эле Ысык-Көлдүн айланасына тиешелүү эмес, бүткүл өлкө боюнча эс алуучу жайларга, жайлоолордо жашаган жарандарыбызга, жергиликтүү элдерге, дегеле кыргызстандыктардын баарына тиешелүү", - деп жыйынтыктады өлкө башчысы.





Ысык-Көлдүн жээгиндеги таштандылар

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: