super.kg logo

Фон дер Ляйен Зеленский менен Трамптын жолугушуусуна катышуу үчүн АКШга барат

 

Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен 18-августта АКШга барат. Сапардын максаты – Украина президенти Владимир Зеленский жана АКШ президенти Дональд Трамп менен боло турган жолугушууга катышуу.

"Президент Зеленскийдин өтүнүчү менен мен АКШ президенти Трамп жана башка европалык лидерлер менен боло турган жолугушууга эртең Ак үйдө катышам", - деп билдирди ал.

Фон дер Ляйен мындан тышкары бүгүн, 17-августта Брюсселде Киев режиминин башчысы менен жолугушуп, "каалоочулар коалициясынын" видеоконференциясына катышарын белгиледи.

Fox News телеканалы 16-августта билдиргендей, Орусия-Америка саммитинен кийин Трамп Зеленский жана Евробиримдиктин лидерлери менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөргөн. Дал ошол күнү Зеленский АКШ президенти менен боло турган жолугушуусун жарыялаган.

Трамп менен Зеленскийдин мурунку жолугушуусу ийгиликсиз аяктаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: